Шайлоо-2020. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү

4894

Урматтуу мекендештер,

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого даярдоо иштерин жүргүзүү алкагында КРнын Индиядагы Элчилиги участкалык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – УШК) курамын түзүүнү пландоодо.

УШК курамын ачык жана адилеттүү түзүү максатында Индиянын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган комиссиясынын курамына кирүү үчүн өздөрүнүн талапкерликтерин жөнөтө алышаарын маалымдайбыз.

Ушуга байланыштуу, өзүңөрдүн сунуштарыңарды кийинки электрондук адрес аркылуу жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз: kgembassy.in@mfa.gov.kg.

Суроолор пайда болгон учурда кийинки телефон номурлары аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: +91 11 26149582, +91 9650890039.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK