Укуктук базасы

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасы 56 эки тараптуу документке кол коюшту, 26сы - мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык, 30у - ведомстволор аралык. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

• Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протокол (1992-жылдын январь айы, Москва);

• Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин жана кызматташтыктын негиздери жөнүндө Биргелешкен Декларация (1997-жыл, июнь, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий кызматташтык жөнүндө макулдашуу (июнь, 1997-жыл, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык Өнүктүрүү Кызматташтык Фондунун насыяларына байланыштуу макулдашуу (1998-жылдын декабрь айы, Бишкек шаары);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы байланышты модернизациялоо боюнча кредиттик макулдашуу (1998-жылдын декабрь айы, Бишкек шаары);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын түзүү жөнүндө макулдашуу (2006-жылдын июль айы, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (2006-жылдын июль айы, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу (2007-жылдын ноябрь айы, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын ортосунда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо жөнүндө макулдашуу (2007-жылдын ноябрь айы, Сеул шаары);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди орнотуу жөнүндө макулдашуу (2010-жылдын 30-ноябры, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталга салыкка карата салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу (2012-жылдын декабрь айы, Сеул);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык жардам жөнүндө алкактык макулдашуу (2013-жылдын ноябрь айы, Сеул шаары);

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу (2013-жылдын ноябрь айы, Сеул шаары);

• Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө Келишим (2018-жылдын ноябрь, Гвачон);

• Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө келишим (2018-жылдын ноябрь, Гвачон);

• Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы макулдашуу (2018-жылдын ноябрь, Гвачон).