“Кыргызстандын Кёнсангбук-до провинциясы жана Тэгу шаары менен кызматташуусун өнүктүрүү жөнүндө”

3414

2021-жылдын 26-ноябрында Тэгу шаарында, Кемён университети Тэгу шаарынын мэриясы жана Кёнсанбук-до провинциясы менен биргеликте уюштурган «2021-жылдын Достук кечеси» болуп өттү. Иш-чарага Кёнсанбук-до провинциясынын губернатору Ли Чоль У, Тэгу шаарынын мэри Квон Йонжин, жогорку даражалуу расмий адамдар, провинциянын бизнес, медициналык жана академиялык чөйрөлөрүнүн, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, анын ичинде Вьетнамдын, Польшанын, Румыниянын жана Кыргызстандын элчилери катышты. Кыргызстандын атынан элчи Динара Кемелова катышты.

Өзүнун ачылыш сөзүндө Кемелова Д.А. катышуучулардын көңүлүн быйыл Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоого, ошондой эле келерки жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгын майрамдоого бурду. Кыргызстандын элчиси кыргыз жана корей элдеринин окшоштугун, маданияттар аралык алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тоолуу Кыргызстандын туристтик потенциалы жана кооз жаратылышы тууралуу айтып, Кёнсанбук-до провинциясынын тургундарын меймандос эли бар Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Ошондой эле, Элчи Кемелова провинциянын губернатору Ли Чоль У жана Тэгу шаарынын мэри Квон Йонгжин менен кыскача сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийликтери менен боордоштук мамилелерди түзүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, калктын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, Кыргызстандан жумушчу күчүн тартуу жана аймактар аралык алмашуу кызматташуу маселелери талкуулады.

Ошондой эле, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Донгсан медициналык борборуна барып, директор Ли Сэ Ёп жана башкы дарыгери Же Сок Хван, ошондой эле Тэгу-Кёнбуктагы Корея-Кыргызстан достук ассоциациясынын жетектеген Төрага Ча Сон До менен жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле медициналык борбордун чоң залында «Кыргыз Республикасынын маданияты жана туризми» аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.

Медициналык борбордун жетекчиси менен саламаттыкты сактоо, Кыргызстандагы ооруканалардын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK