«Сеулда бельгиялык фотографтын Кыргызстандын жаратылышына арналган «Ат башы» сүрөт көргөзмөсү ачылды»

2820

28-декабрда Бельгия Элчилиги жана Корей Фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен уюштурулган Бельгиялык фотограф Фредерик Байкс Кыргызстандын жаратылышы тууралуу «Horse Head» (Ат Башы) аттуу сүрөт көргөзмөсү Сеулдагы Корей фондунун имаратында ачылды.

Ачылыш аземине Корея Фондунун президенти Ли Ге Ын, Бельгиянын элчиси Француа Бентемпс жана Кыргыз Республикасынын элчиси Кемелова Динара катышышты. Өз сөзүндө Бельгиянын элчиси Бельгия менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 120 жылдыгын майрамдоону белгилеп, үч өлкөнүн ортосундагы өзгөчө байланышты баса белгиледи. Корея Фондунун президенти Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна, кызыктуу «Көк-Бөрү» оюнуна өзгөчө көңүл буруп, үч өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Элчиси фотокөргөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоолуу жаратылышынын өзгөчө сыйкырдуулугу, кыргыз элинин көчмөн жашоосу, улуу мурасы – “Манас” эпосу жана меймандостугу менен атагы чыккан Кыргызстанга келүүгө бардык адамдарды чакырды. 

Автору - бельгиялык фотограф Фредерик Байкс өзунун сүрөттөрүн Ат-Башы районуна арнаган. Ал өз эмгегинде адам менен жаратылыштын ортосундагы болгон байланышты баса белгилейт. Анда адамдар менен жаныбарлардын кантип ынтымактуу жашашы, бири-бирине канчалык көз каранды экени, табияттын кээде катаал көрүнүштөрүнө кантип туруштук берери көрсөтүлгөн. Мунун баары Ат-Башы районунун көчмөн тургундарынын жашоо образы жөнүндө түшүнүк берет.  

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги бардыгыңыздарды Корея Фондунун галереясында, ошондой эле виртуалдык реалдуулукта онлайн форматта өтүүчү 2022-жылдын 9-февралына чейин улана турган бул көргөзмөгө келүүгө чакырат. 

Мөөнөтү: 2021-жылдын 28-декабрынан 2022-жылдын 9-февралына чейин

Убактысы: Дүйшөмбү - Жума 10:00 - 19:00 / Ишемби 10:00 - 16:00

Жайгашкан жери: 26, Eulji-ro 5-gil, Jung-gu, Seoul, Korea, KF Gallery

Баасы: бекер

Вебсайт: kfcenter@kf.or.kr

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK