Нооруз майрамыңыз менен куттуктайбыз!

2534

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм.

Нооруз – бул жаздын жана жаңылануунун майрамы, бүт табият жанданып, жаңы идеялар, үмүттөр жана келечекке пландар жаралат. Ушул майрамда Сиздерге бакыт, чың ден соолук, кубаныч жана узун өмүр, чоң эмгектик ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайбыз!

Нооруз майрамы – жаңылануунун жана үмүттүн майрамы – Элибизге биримдик менен ынтымак, ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана ырыскы алып келсин. Жакшылык жана сүйүү үйүңөрдөн кетпесин! Баардык тилеген тилектериңиздер жана кыялдарыңыздар орундалсын! Жергебизде тынчтык, элибиз эсен, өлкөбүз өнүгө берсин!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Аида Исмаилова

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK