Инчхон эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Кореяга сезондук жумуштарга келген Өзгөн районунун тургундарын тосуп алды

1624

2022-жылдын 21-июнунда Инчхон эл аралык аэропортунда Элчи Аида Исмаилова Кореяга айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга келген Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары, Кыргыз Республикасынын 62 жаранын тосуп алды. Корей тараптан жарандардын жолугушуусуна Хамъянг шаарынын алмашуу жана кызматташуу департаментинин өкүлдөрү катышты. 

Элчи мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи жарандарга келген өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык виза режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдады. Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында ишке орноштуруу боюнча активдүү ишин улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK