Бишкекте текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы экинчи кыргыз-корей бизнес-форуму болуп өттү

191

2023-жылдын 9-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги жана Экономикалык дипломатия департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен биргеликте кыргыз жана корей компанияларынын 100дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусу менен текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы Экинчи кыргыз-корей бизнес-форумун уюштурулду. Корей тараптан иш-чаранын уюуштуруучулары катары Кореянын Боёк жана дизайн технологиялары институту (DYETEC) менен Кореянын алдыңкы долбоордук технологиялар институту (KIAT) чыкты.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө кыргыз жана корей тараптар Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы жана дүйнөдөгү текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары жана технологиялары боюнча презентацияларды жасашты. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн кызыкдар компанияларынын ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, анын жүрүшүндө мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн байланыштар түзүлдү.

Кыргызстандын Кореядагы Элчиси А.Исмаилова өз сөзүндө корей тарап менен жеңил өнөр жай тармагында ийгиликтүү кызматташууну баса белгилеп, айрыкча быйыл тараптардын биргелешкен аракети менен Бишкекте экинчи жолу кыргыз-корей бизнес-форуму өтүп жатканын белгиледи. Ал бул форум жыл сайын өткөрүлө турганын белгилеп, тармакты өнүктүрүүгө, дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге, Элчи Кыргызстан башка өлкөлөр менен аба байланышынын географиясын кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалады. Бул контекстте ал тынымсыз эмгектин натыйжасында быйыл Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамдары ачылып, бул иш-чара эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектри боюнча саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-корей мамилелеринин өнүгүшүнө кошумча түрткү болорун баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK