2023-жылдын 11-14-августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен ата мекендик «Ali Asia Trade & Travel company» жана «Osh Travel and Guest House Services» компанияларынын «Korea International Tourism Show» эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышуусу иштелип чыкты.

176

Көргөзмөнүн жүрүшүндө өлкөнүн туристтик потенциалы көрсөтүлүп, Кыргызстандын туристтик жерлери менен тааныштыруу максатында буклеттер таратылды. Эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдын ачылгандыгын эске алуу менен өзгөчө көңүл Түштүк Кореядан Кыргызстанга туристтерди тартууга бурулду.

Иш-чаранын алкагында Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн колдоосу менен өлкөнүн экспорттук потенциалы да тартууланган, атап айтканда, ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган буюмдары, ошондой эле Кыргызстандын экологиялык таза өндүрүмдөрү (Кыргызстандын балы, шоколады, улуттук суусундуктары ж.б.).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK