2023-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасындагы Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) Достор тобунун 5-жыйынына катышты
2023-жылдын 24-августунда Сеул шаарында ЖКФнын Аткаруучу директору Мафальда Дуартенин жана Корея Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын катышуусу менен Корея Республикасындагы ЖКФ Досторунун тобунун 5-жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчиси А.Исмаилова ЖКФнын Аткаруучу директору Мафальда Дуарте менен кыскача сүйлөөшүсү болуп өттү, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен ЖКФ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.