Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу кеңейүүдө

417

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында 2023-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Ыйгарым жана Укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кемёнг Университетинин президенти Син Илхи менен жолугушту. Аталган жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги тарабынан иштелип чыккан квалификацияны жогорулатуу боюнча тренинг өтүү үчүн келген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү катышышты.

Элчи Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашуу максатында мындай курстарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар Кореялык ЖОЖдордо Кыргызстандык студенттер үчүн, анын ичинде Кемёнг университетинде квоталарды көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте тараптар Кемёнг университетинин С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана Кыргызстандын башка медициналык окуу жайлары менен мүмкүн болгон кызматташтыгын талкуулашты.

Университеттин президенти Син Илхи өз кезегинде тренингдин катышуучулары менен жылуу учурашып, Университеттин Кыргыз Республикасы менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалады. Мындан тышкары 2022-жылы Кемёнг университетинин алдындагы "Донгсан" медициналык борбору кыргызстандык бейтаптар үчүн акысыз дарылоо уюштургандыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүү тууралуу макулдашышты.

Маалымат иретинде: Кемёнг университети - 1899 — жылы негизделген жана Корея Республикасынын үчүнчү ири шаары-Тэгу шаарында жайгашкан жеке университет. Университет өзүнүн жигердүү эл аралык ишмердүүлүгү, дүйнө жүзүндөгү университеттер менен кеңири байланыштары менен белгилүү. Кыргыз Республикасында Ж. Баласагын атындагы КМУ менен активдүү кызматташат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK