Сеулда КР ТИМнин 80 жылдыгына карата "Бейиш эненин таманында" тасмасы көрсөтүлдү

422

2024-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесине карата режиссер Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасын көрсөтүүнү уюштурган.

Иш - чарага Корея Республикасында аккредитацияланган Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөлөрү катышты.

"Бейиш эненин таманында" - бул эмоционалдуу тасма, ал өз өнөрүн гана эмес, үй-бүлөлүк баалуулуктардын гармониясы менен аялдык күчтүн маанилүү маселелерин көрсөтөт. Кинематографиянын бул укмуштуу чыгармасы Кыргызстандын маданий мурасын жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө унутулгус из калтырган окуяларды жаратуу жөндөмүн мыкты чагылдырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK