Кыргызстанда GGGIдын өлкө офисинин ачылыш аземи өттү

410

2024-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) өлкөлүк офисинин ачылыш аземи болуп өттү. Азем Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында өттү.

Иш-чара ошондой эле Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча GGGIнин эң ири долбоорунун ишке киришине байланыштуу болду. Бул долбоор "Борбордук Азияда сел жана кургакчылык менен күрөшүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу" деп аталган жана Корей Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги тарабынан 10,7 миллион доллар менен каржыланган.

Долбоор суу ресурстарын интеграцияланган жана натыйжалуу башкаруу методдорунун жардамы менен климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга аярлуу болгон жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Негизги көңүл сел жана кургакчылык тобокелдигин азайтууга багытталган стратегияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле жергиликтүү калктын бул көйгөйлөргө даярдыгын жана маалымдуулугун жогорулатууга бурулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK