Укуктук базасы

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 20-мартында түзүлгөн.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер союздук жана стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасы 376дан ашык (201 мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык, 156 ведомстволор аралык жана 19 башка документтер) келишимдерден, макулдашуулардан жана өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чөйрөлөрүн жөнгө салуучу башка документтерден турат.

Негизги документтер болуп 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишими, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларация, 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө декларация саналат.