Документерди таануу жана суратып алдыруу

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген документтерди таануу

1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга ылайык, компетенттүү мекеме же анын компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктуу адам тарабынан белгиленген формада берилген же күбөлөндүрүлгөн жана мамлекеттик мөөр менен ырасталган документтер, төмөнкү мамлекеттердин аймактарында эч кандай атайын күбөлүксүз кабыл алынат:

  1. Азербайжан Республикасы;
  2. Армения Республикасы;
  3. Беларусь Республикасы;
  4. Грузия;
  5. Казакстан Республикасы;
  6. Молдова Республикасы;
  7. Россия Федерациясы;
  8. Тажикстан Республикасы;
  9. Туркменистан;
  10. Өзбекстан Республикасы;
  11. Украина.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү мекемелери тарабынан берилген жана гербдүү мөөрү басылган документтер Россия Федерациясынын аймагында эч кандай атайын күбөлүксүз кабыл алынат (Мисалы: Кыргыз Республикасынын ЗАГСынын Республикалык жарандык архивинен берилген нике жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалымкат Кыргыз Республикасынын Элчилигинин же башка органынын мөөрү менен күбөлөндүрүүнү талап кылбайт).

 

Документтерди суратып алдыруу

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнөн жеке арыздын негизинде төмөнкү документтерди суратып алдырууга болот:

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алуу үчүн керектүү документтер:
  • паспорт (түп нускасы)
  1. Айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктаган маалымкат алуу үчүн керектүү документтер:
  • паспорт (түп нускасы);
  • айдоочулук күбөлүк (түп нускасы).
  1. Никелешүү укугу жөнүндө (үй-бүлөлук абалы тууралуу) маалымкат алуу үчүн керектүү документтер: 
  • жарактуу паспорттун түп нускасы;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Кыргыз Республикасынын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгү;
  • никелешүү тууралуу күбөлүк/ ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (эгерде арыз берүүчү мурда никеде турган болсо бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).  

 

ЗАГС маселелери

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо жана Кыргыз Республикасынын нике күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

  1. арыз берүүчүлөрдүн паспорттору (түп нускалары);
  2. арыз берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында никеси жок экендиги жөнүндө маалымкаттар;
  3. ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (эгерде арыз берүүлөр мурда никеде турган болсо бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

 

Баланын туулгандыгын каттоо жана Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

  1. баланын төрөлгөнүн ырастоочу төрөтканадан маалымкат (түп нускасы);
  2. ата-энесинин паспорттору (түп нускалары); 
  3. никелешүү тууралуу күбөлүк (нике катталган болсо) (түп нускасы).