Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин түзүлгөн тарыхы
1991-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болушу менен, Америка Кошмо Штаттары өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн 1991-жылдын 25-декабрында тааныган. Бул тууралуу АКШнын президенти Джорж Буш элге кайрылуусунда билдирди.
Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн негизги документтердин бири болуп 1992-жылдын 26-августундагы Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум болуп, эки өлкөдө элчиликтердин ачылышына негиз болгон.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы миссиясын төмөнкү 7 Элчи жетектеди:
1992-1994 - Отунбаева Роза Исаковна;
1996-2005 - Абдрисаев Бактыбек Дюшенович;
2005-2010 – Сыдыкова Замира Бексултановна;
2010-2014 - Джумалиев Муктар Кабылбекович;
2014-2019 - Токтогулов Кадыр Мирбекович;
2019-2021 - Отунбаев Болот Исакович;
2021-азыркыга чейин – Аманбаев Бактыбек Абдилашимович.