Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүү тууралуу

7329

2019-жылдын 16-17-ноябрында Квебек провинциясындагы Монреаль шаарында Элчилик тарабынан Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт.

 

Иш-чаранын дареги: 414 Avenue Lafleur, LaSalle, QC, H8R 3H6.

 

Убактысы: 16-ноябрда – саат 10-00дөн 17-00гө чейин;

17–ноябрда саат 10-00дөн 16-00гө чейин.

 

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (чет өлкөгө чыгуу паспортун жаңылоо, нотариалдык кызматтар, Мекенине кайтуу күбөлүгүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөө үчүн документ тапшыруу). Ушуга байланыштуу Элчиликтин веб-сайтынан (www.mfa.gov.kg/washington)өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат алып, жана керектүү документтер менен жолугушууга келсеңиздер болот.

Сиздерге ыңгайлуу болуш үчүн Элчиликтин өкүлү менен консулдук маселелер боюнча жолугушуу эс алуу күндөрү өткөрүлөт (ишемби күнү, 16– ноябрда жана жекшемби күнү, 17-ноябрда).

 

Ушуга байланыштуу бул маалыматты туугандар, тааныштар, достор арасында таратууну, ошондой эле жолугушууга катышууңуз тууралуу +1 (202) 449-9823 жана +1 (202) 256-2924 телефондору, же consul@kgembassy.orgэлектрондук почта аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

 

Мындан сырткары, Канадага башка консулдук чыгуу 2019-жылдын аягына чейин пландаштырылган эмес. Ошону менен бирге биз сиздерди

2360 Massachusetts Ave NW, Washington, DC, USA, 20008 дареги боюнча жайгашкан КРнын АКШ жана Канададагы Элчилигинде кабыл алууга даярбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK