2020-ж. 4-5-сентябрында Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашаган Кыргызстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын Элчилиги консулдук тейлөө иштерин жүргүздү

4344

2020-жылынын 4-5-сентябрь күндөрү, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин кызматкерлери Иллинойс штатына барып, Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн конституциялык укугун пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана консулдук каттоого тургузуу иштерин аткарды.

Элчиликтин кызматкерлери, уюштуруу маселелеринде активдүү жардам көрсөткөн (жарандарга кошумча билдирүү, имарат, кеңсе буюмдары ж.б.), диаспоранын активисттери жана өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө мекендештерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине боло турган шайлоо жөнүндө, чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган саясат жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү үчүн автоматташтырылган маалымат тутумун киргизүү жөнүндө маалымат беришти. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү күнүмдүк жашоо, иш чөйрөлөрү жөнүндө айтып беришти, ошондой эле өнүгүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү тажрыйбалары менен бөлүштү.

Маалымат катары: АКШда жана Канадада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №9034 шайлоо участкасын бекитти (Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги, Вашингтон шаары).

Ошол эле учурда, Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызмат көрсөтүү, анын ичинде жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү боюнча арыздарды кабыл алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү, консулдук каттоого туруу жана нотариалдык иш-аракеттерди камсыз кылды. Жалпысынан Элчилик тарабынан 200 ашык консулдук иш-чаралар аткарылган.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK