2019-жылдын 29, 30-августта саат 10-00дөн 17-00гө чейин, Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жана 31-август – 1-сентябрда саат 10-00дөн 17-00гө чейин, Огайо штатынын Цинциннати шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына көчмө консулдук тейлөө жүргүзүлөт.

7720

Урматтуу мекендештер, силерге төмөнкүлөр тууралуу маалымдайбыз:
2019-жылдын 29, 30-августта саат 10-00дөн 17-00гө чейин, Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жана 31-август – 1-сентябрда саат 10-00дөн 17-00гө чейин, Огайо штатынын Цинциннати шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына көчмө консулдук тейлөө жүргүзүлөт.

Чикагодогу дареги: Kyrgyz Community Center, 6002 N Keating Ave, Chicago, IL, 60646.

Цинциннатидеги дареги: 4480 Lake Forest Drive #408, Blue Ash, OH, 45242.

Көрсөтүлгөн жолугушууда АКШда жашаган Кыргызстандын жарандары менен тийиштүү консулдук иштер жүргүзүлөт (чет мамлекетке чыгуу паспортун жаңылоо, нотариалдык иш-аракеттер, СВРди тариздөө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтер).
Ушуга байланыштуу, өзүңүздөрдүн катышуу ниетиңиздер тууралуу алдын-ала маалымдап коюну өтүнөбүз. Ошондой эле, Сиздерди кызыктарган бардык суроолор боюнча, алдын-ала Элчиликтин веб сайтынан (www.mfa.gov.kg/washington) таанышууңуздар зарыл жана тигил же бул консулдук иш-аракеттер боюнча толук документтерди даярдоо зарыл. Суроолор жаралган учурда, төмөнкү даректер боюнча кайрылууну өтүнөбүз эл. почта – consul@kgembassy.org, же телефон 202-256-2924.
Элчиликтин Консулдук бөлүмү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK