Америкалык жоон топ туристтер Кыргыз Республикасына барышат

2365

 

2022-жылдын 2-июнунда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги америкалык белгилүү “Remote Lands” туристтик компаниясы менен биргеликте Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында атайын иш-чара уюштурду. Иш-чарага ар түрдүү багытта иш алып барышкан америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү жана Борбордук Азияга барууга кызыккан америкалык туристер катышышты.   Ошондой эле жыйынга Кыргыз Республикасынын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аида Касымалиева, «Супара" компаниясынын жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева катышышты. 

Иш чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын туристик мүкүнчүлүктөрүн ачып берүү багытында сүрөт көргөзмөсүн уюштурушуп, америкалык жарандарга улуттук тамактардын түрлөрүн даярдашып, тартуулашты. Мындан сырткары улуттук кол өнөрчүлүктү даңазалоо максатында атайын стенд уюштурулду. 

Иш чараны Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев алып барып, жыйындын катышуучуларына  Кыргыз Республикасынын  туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири презентация уюштуруп, катышуучулардын ар түрдүү суроолоруна жооп берди. Ошондой эле Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасынын экономикалык артчыкчылыктуу багыттары тууралуу да маалымат берип, жыйындын катышуучуларын биздин өлкөгө турист катары келүүгө жана инвестициялык багытта иш алып барууга  чакырды. Элчи мырза өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Евразия континентинин борборунда жана Борбор Азия регионунун жүрөгүндө жайгашкан, кооз жатылышы бар жападан жалгыз демократиялык өлкө экендигин баса белгилеп, Кыргыз Республикасына барган турист кооз жаратылышта эс алуу менен бирге кыргыз элинин көп жылдык тарыхы, улуттук маданияты жана каада салт менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болоорун аргументтү фактылар, атайын слайддарды көрсөтүү менен түшүндүрүп берди. 

Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү. Жыйындын катышуучулары берген суроолорун жооп алышып, келечекте Кыргыз Республикасына барууну убада кылышты. Ошондой эле жолушушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги менен америкалык “Remote Lands” туристтик компаниясынын жетекчилиги жакынкы келчекте Кыргызстанга колунда бар жоон топ америкалык туристерди алып баруу бюнча макулдашышты. 



 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK