​​​​​​​Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрилигинин делегациясы Борбордук Азия жана Кавказ институтунун негиздөөчүсү Ф.Старр менен жолугушту

2159

2022-ж. 6-майында Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри А.Бейшеналиев баштаган ректорлордун делегациясы көрүнүктүү америкалык геосаясат таануучу, АКШнын үч жолку президентинин кеңешчиси, Борбордук Азия жана Кавказ институтунун негиздөөчүсү Фредерик Старр менен жолугушту. 
Жолугушууда элчи  Б.Аманбаев Президент С.Н.Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясий экономикалык реформалар жана мындай реформалардын Кыргыз Республикасынын билим  берүү тармагын жакшыртууга тийгизе турган таасири жөнүндө  маалымат берди. Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри А.Бейшеналиев өлкөдө билим тармагында болуп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалыматы менен бөлүштү. 
Борбордук Азия жана Кавказ институтунун негиздөөчүсү Фредерик Старр Кыргызстандын жогорку окуу жайлары АКШнын окуу жайлары менен канткенде тыгыз жана жемиштүү байланыш түзүп, иш алып баруусу тууралуу  өз ойлору менен бөлүшүп, келечекте кыргыз мамлекетинин экономикасын, айыл чарбасын, илим-билимин жакшыртуу тууралуу өз сунуш пикирлерин ортого салды. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Ф.Старр ректорлордун көптөгөн суроолоруна жооп берип, мындан ары ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK