Орозо айт майрамына байланыштуу эс алуу күнү тууралуу

9000

Урматтуу АКШ жана Канада аймагында жашап жаткан кыргызстандыктар,

Кыргызстандын Дин башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы Орозо айтты белгилөө 5-июнга туш келүүдө.

КРнын Эмгек кодексине ылайык Орозо айт майрамы эс алуу күнү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

Урматтуу мекендештер, учурдан пайдаланып Ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен Атайын жана Ыйгарымдуу Элчи Б.Отунбаевдин жана Элчиликтин жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ырыскы-ынтымак каалайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK