Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Б.Отунбаев Канада-Евразия Соода-Бизнес бирикмесинин Директорлор кеңешинин төрагасы Ж.Бретон менен жогулушуусу тууралуу
2020-жылынын 10-мартында Оттава шаарында, Канада, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Б.Отунбаев Канада-Евразия Соода-Бизнес бирикмесинин Директорлор кеңешинин төрагасы Ж.Бретон менен жогулушту.
Элчи Б.Отунбаев өлкөдөгү бизнес коопсуз жүрүм-турумду камсыз кылуу үчүн өлкөнүн жетекчилигине көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды берүү, ошондой эле, экспорт менен Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана долбоорлор жөнүндө маалымат берди.
Тараптар Кыргызстан менен Канада-Евразия Соода-Бизнес бирикмесинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуусунун келечеги талкууланды, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын жана Канаданын бизнес-коом ишкер чөйрөлөрүнүн өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча багытталган. Ушул максатта, Элчи Б.Отунбаев Кыргызстан-Канада Бизнес Кеӊешинин түзүүнү карап көрүүнү сунуш кылды.
Катышуучулар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, биргелешкен иш-чараларды жана долбоорлорду мүмкүнчүлүгүн караштырууга макулдашышты.
Маалымат үчүн:
Канада-Евразия Соода-Бизнес бирикмеси (КЕСББ) - бул 140-дөн ашуун компаниялардын тармагынан турган уникалдуу уюм болуп саналат. КЕСББ өсүп жаткан муктаждыктарын аткаруу үчүн Торонтодо, Монреалда, Оттавада, Калгариде, Орусияда, Өзбекстанда жана Казакстанда жайгашкан тогуз кызматтарын түзгөн.
КЕСББ 2004-жылы Канада, Евразия жана Россиянын ортосундагы сооданы, инвестицияларды жана эки тараптын мамилелерин кеңейтүү жана колдоо үчүн түзүлгөн.