COVID-19 учурундагы АКШда жашаган Кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн  Кыргызстанга жардам берүү боюнча аракеттери

5970

 

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги АКШдагы мекендештерибизге COVID-19 пандемиясынын шартында медициналык кызматкерлерин жеке коргоо каражаттары жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Ошондой эле Элчилик АКШдагы жана Канададагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнө эл аралык каттамдардын убактылуу жабылышына байланыштуу убактылуу турак жай издөө, дары-дармектер жана азык-түлүк менен АКШда жана Канадада убактылуу (студенттер жана туристтер) жашаган мекендештерибизге камсыз кылуу үчүн көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Учурдагы татаал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги АКШда жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн аракеттери жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет.

2020-жылдын 10-июлуна карата Нью-Йорк штатында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы, мурунку Ганси аскер базасындагы реанимация бөлүмүнө, №6 Үй-бүлөлүк медицина борбору үчүн 7-8 миң АКШ доллар өлчөмүндө керектүү дары-дармектерди сатып алууну чечишти.

Филадельфия шаарында жашаган мекендештерибиз Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерине өткөрүп берүү үчүн 24 кычкылтек концентраторлорун жана керектүү дары-дармектерди сатып алууну пландаштырууда.

Питтсбургда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү райондук ооруканаларга 8 кычкылтек концентраторун сатып алууну чечишти.

Огайо штатында жашаган мекендештерибиздин аракеттери менен 20 кычкылтек концентратору жана дары-дармектер сатылып алынып, алар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча тиешелүү медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилет.

 Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана мүчөлөрү Элим барсыңбы” фондусуна 20дан ашык кычкылтек концентраторун сатып алуу үчүн каражат жиберишет.

Флорида штатында жашаган мекендештерибиз Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын муктаждыктары үчүн жалпы суммасы 9 миң АКШ долларына которушту. Ошондой эле алар Ысык-Көл облусундагы райондук ооруканалардын биринин 5 дарыгеринин маяналарын төлөп берүүнү пландаштырууда.

Хьюстон шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкектеги байкоо борборлорунун бирине 2 кычкылтек концентраторун сатып алышкан.

Калифорния штатында жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү “Аялдар лигасы” уюмуна 10 даанага жакын кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каражат жиберүүнү чечишти.

Кыргызстандын аймактарына жардам көрсөтүү алкагында Балыкчы шаарынын тургундары Балыкчы шаардык ооруканасы үчүн 12 кычкылтек концентраторлорун сатып алышты.

Ошондой эле Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын райондоруна жардам көрсөтүү үчүн акча чогултулуп жатат.

Мындан тышкары, кыргыз диаспорасынын бир нече топтору GoFundMe кайрымдуулук интернет-сайты аркылуу каражаттарды чогултушту. 26-мартта Иллинойс жана Калифорния шаарларындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына 13 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүштү. Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу шаймандары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн Элдик штаб уюштурган Кыргыз Республикасынын активисттер тобуна өткөрүлүп берилди. 6-апрелде медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн Кыргызстанга 10 миң долларлык экинчи транш жөнөтүлдү. 5-июлда кычкылтек концентраторлорун сатып алууга 13 365 доллар өлчөмүндө акча бөлүнгөн.

Огайо шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн айтымында, 18-майда Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүү үчүн Элим барсыңбы” фондуна 3,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам жөнөтүлдү. Мындан тышкары, Огайо штатынын өкүлдөрү Оренбургдагы оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарына 1,5 миң доллар которушту.

Жогоруда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринен алган соң, диаспоранын өкүлдөрү кошумча маалымат беришет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK