Борбор Азиянын тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү сактоого дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу маселеси талкууланды

3418

2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиси Бакыт Аманбаев Вашингтондогу АКШнын Тышкы саясат боюнча Америка кеңешинин ардактуу мүчөсү, Борбордук Азия жана Кавказ Институтунун (CACI) төрагасы доктор Фредерик Старр менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Б.Аманбаев Кыргызстандагы соңку жылдары ишке ашырылган Конституциялык реформа жана шайлоо мыйзамын өзгөртүүнүн маңызын түшүндүрүп, алдыда болуучу парламенттик шайлоо тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргыз элчиси ошондой эле КР Президенти Садыр Жапаров жакында Глазгодо өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөлүк конференцяга катышып, дүйнө жүзү боюнча тоолуу өлкөлөрдөгү көп жылдык мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жаткандыгын  көтөрүп, бул көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга аракет кылганын билдирди. «Чындыгында көп жылдык мөңгүлөрдүн эриши дүйнөдөгү таза суунун запастарынын азайышына алып келет, ал эми таза суунун азайышы бүтүндөй адамазаттын жашоосуна коркунуч жаратат», - деген элчи мырза  президент Садыр Жапаров көтөргөн маселеге дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Ошондой эле кыргыз элчиси Кыргыз Республикасындагы соңку жылы оорун алган «Кумтөр» кенинин тегерегиндеги талаш-тартыш деңиз деңгээлинен төрт миң беш жүз метр бийиктикте жайгашкан көп жылдык муздун запасынын жоопкерчиликсиздик түрдө талкаланышына жана кыргызстандын мурдагы эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүн ири коррупциялык аракеттерине байланыштуу экендигин түшүндүрүп, кыргыз бийлигинин Кумтөр боюнча жүргүзгөн саясатын  дүйнө коомчулугуна туура түшүндүрүп берүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Ф.Старр дүйнө жүзү боюнча көп жылдык мөңгүлөрдүн тездик менен эриши чындап эле жалпы адамзат үчүн олуттуу көйгөй экендигине жана аны алдын алуу жер жүзүндөгү ар бир адамдын ыйык милдетти экендигине токтолуп, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча өз ойлорун ортого салды. Андан ары тараптар келечекте эки жана көп тараптуу негизде биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландарын талкуулашты.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, Фредерик Старр Дүйнөлүк Джонс Хопкинс университетинин Пол Ниц атындагы алдыңкы эл аралык изилдөөлөр мектебинин изилдөөчүсү жана ардактуу профессору, Борбордук Азия жана Кавказ изилдөөлөр институтунун президенти. АКШ дагы Ооганстан, Борбордук Азия, Кавказ, Россия өлкөлөрү боюнча чыгаан эксперт. Жыйырма китептин жана эки жүздөн ашуун макаланын автору. Ошондой эле Фредерик Старр АКШнын үч жолку президентинин Орусия жана Евразия боюнча кеңешчиси жана Борбор Азия чөлкөмүнүн көйгөйлөрүн изилдөө максатында АКШ өкмөтү тарабынан түзүлгөн топтун төрагасы болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK