Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов Цинциннати шаарында Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

7951

2018-жылдын 22-июнунда Огайо штатынын Цинциннати шаарында, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов «Кыргызстанга инвестициялоо» аттуу тегерек столго катышты.

Аталган презентация Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги менен Америка-Кыргыз Ишкер Кеңеши жана АКШнын Соода министрлигинин, Огайо штатынын Түштүк Округунун Экспорттук Кеңеши, World Affairs Council, Foreign Policy Leadership Council жардамы менен уюштурулду.

Бул жолугушууга, Огайо штатынын Цинциннати шаарынын жана жакын жайгашкан Кентукки штатынын түндүк райондорунун ишкер жана өкмөттүк эмес чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы жөнүндө толук айтып берди, анын ичинде Кыргызстандын инвестициялык климаты, экономикалык мүмкүнчүлүгү жана экспорттук дарамети, ошондой эле биздин өлкөнүн ДСУ жана ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен, коңшу өлкөлөрдүн рыногуна жеткиликтүүлүк менен Кыргызстандын географиялык жайгашуусунун салыштырмалуу артыкчылыгы тууралуу маалымдады. Мындан сырткары, КРнын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан инвестицияны коргоо жана жеңилдик кылуу, бизнес жүргүзүү чөйрөсүндө мыйзамдарды либеризациялоо, Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча, ошондой эле Кыргызстандын жетекчилиги жүргүзгөн тышкы саясий курска тиешелүү иштер тууралуу катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, ошондой эле Кыргызстанда ушул жылдын сентябрында өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат берилди. Көптөгөн катышуучулар жакында боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгууларын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK