Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги Экинчи Дүйнөлүк Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты

4333

9-май күнү, Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги Экинчи Дүйнөлүк Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев жана Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын кызматкерлери Өлбөс полк" онлайн акциясына катышышты. Бул иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан элчиликтеринин өкүлдөрү, Экинчи Дүйнөлүк Согуштун ардагерлери жана катышуучулары, ошондой эле АКШнын 26 шаарынан жана Европанын 4 шаарынан катышышты.

Катышуучулар салт боюнча фашизмге каршы согушуп, салгылашкан советтик жоокерлерди бир мүнөттүк унчукпай эскеришти жана салтанаттуу сөз сүйлөштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK