Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги жыл сайын өтө турган «Chinatown Community Festival» атындагы фестивалына катышты

4177

2019-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги Вашингтон шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын өткөрүлө турган «Chinatown Community Festival» иш-чарасына катышты.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери тарабынан фестивалдын конокторуна жана катышуучуларына Кыргызстандын туристтик дарамети, инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ошондой өлкөнүн маданияты жана салты тууралуу маалымат жана материалдар атайын кооздолгон стендте берилди.

Мындан тышкары, кыргыз тилинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили статусун алгандыгынын 30-жылдыгына алкагында, иш-чаранын катышуучуларына кыргыз тилинде китептер жана материалдар тартууланды.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги Борбодук Азия аймагындагы өлкөлөрүнүн элчиликтеринин арасынан жалгыз катышкандыгына байланыштуу, коноктордун жана катышуучулардын арасында Кыргызстан тууралуу презентация өзгөчө кызыгууну жаратты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK