Элчи Б.Отунбаевдин АКШ Президентинин жардамчысынын орун басары/ АКШ Улуттук коопсуздук кеңешинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Башкы Директору Л.Кертис менен жолугушуусу өткөрүлдү

5982

2020-жылынын 4-февралында Кыргыз Республикасынын элчилигинде АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Б.Отунбаевдин АКШ Президентинин жардамчысынын орун басары/ АКШ Улуттук коопсуздук кеңешинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Башкы Директору Л.Кертис менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын иммиграциялык визалар берүүсү чектелген өлкөлөрдүн тизмесине Кыргыз Республикасынын киргизүү маселелери талкууланды. Тараптар, Кыргыз Республикасынын бул тизмеден четтетүү боюнча андан аркы пландарды талкуулады. Бул маселе АКШ тарабынан техникалык жагынан гана карашылганын жана бирге ишти алып барууга даярдыгын Л.Кертис билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн санариптештирүү чөлөмүн жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп, анын ичинде улуттук паспорттордун коопсуздук деӊгээлин жогорулатуусу маанилүү аспект болуп саналганын Б.Отунбаев элчи белгиледи.

Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу кыргыз-америка мамилелерин куруу үчүн бирге ишти алып барууга Кыргыз тарабынын даяр экендигин Америка тарабына тастыкталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK