Нью-Йоркто Борбор Азия-АКШ Эл аралык IT форуму өткөрүлдү

1836

2022-жылдын 13-сентябрында Нью-Йоркто Борбор Азия-АКШ эл аралык IT форуму болуп өттү. «Борбор Азия-санариптик өнүгүүнүн кезектеги багыты» деген аталыштагы форумга АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер, Кыргызстандын АКШдагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев, Өзбекстандын БУУдагы жетекчисинин башчысы Бактияр Ибрагимов, Казакстандын Нью-Йорк шаарындагы башкы консулу Р.Есбулатова жана бир катар IT тармагындагы компаниялардын өкүлдөрү катышып сөз сүйлөштү. Жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эң алдыңкы IT компаниялары жана бир катар америкалык алдыңкы эл аралык компания өкүлдөрү катышышып өз ишмердүүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Форумда Борбордук Азияда бирдиктүү бир IT базарын уюштуруу, эл аралык рынокторго чыгуунун жолдору, өз ара тажрыйба алмашуу, адистерди окутуу сыяктуу маселелер талкууланды. 

 

Жыйынды  Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев ачып, сөз сүйлөдү. Элчи үстүбүздөгү жылдын 21-августанда Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өткөн жалпы Борбор Азия президенттеринин жыйынында региондогу мамлекеттер ортосундагы өз ара карым-катнашты чыңдоо боюнча тарыхый маанилүү документтер кабыл алынгандыгын белгилеп, мамлекет башчыларынын жогорудагыдай чечими региондогу өлкөлөр аралык мамилелердин жакшырышына өбөлгө түзөөрүн кошумчалады. Андан аркы сөзүндө Аманбаев учурда дүйнө калкынын жашоосунун токсон тогуз пайызы IT технологиясы менен тыгыз байланыш экендигин айтып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн IT тармагындагы адистери биргелишип Евразия континентинде бирдиктүү бир санарип базарын түзүүгө жетишүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар деген оюн ортого салды. Ошондой эле,  Бакыт Аманбаев кыргыз президенти Садыр Жапаров тарабынан өлкөдөгү IT тармагын ар тараптуу өнүктүрүүгө жетишээрлик шарттар түзүлгөндүгүн белгилеп, кыргыз бийлиги келечекте да ушул багытта өз аракеттерин улантаарын кошумчалады.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер өз сөзүндө IT индустриясы дүйнө жүзү боюна өнүгүп жаткандыгын белгилеп, АКШ бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн бул жааттагы биргелешкен аракеттерин ар тараптуу колдоого алаарын маалымдады. 

Жыйындын катышуучулары өз ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат беришип мамлекеттер аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү аркылуу, аянтчалардын тиркемелерин иштеп чыгуу менен дүйнөлүк онлайн соода базарына кеңири жол ачуу тууралуу баяндама жасашты.  

Аталган иш-чара Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы жана Кыргыз-америка ассоциациясы тарабынан биргелешип уюштурулду. 

 



 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK