Мамлекеттик катчы Майкл Помпеонун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата билдирүүсү

4376

Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн жана Америка элинин атынан мен, Кыргыз Республикасынын элине көзкарандысыздыгынын 29 жылдыгын белгилеп жаткан учурда эң жакшы каалоолорумду жолдойм.

Америка Кошмо Штаттары, аймактагы биргелешкен максаттарды ишке ашырууда Кыргыз Республикасын өнөктөш катары баалайт. Эгемендүүлүгүңүздөн бери биз Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү жана жандуу жарандык коомду куруу боюнча аракеттерин колдоп, 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөттүлдү. Биздин колдоо глобалдык пандемия учурунда да уланып жатты, Америка Кошмо Штаттары COVID-19га жардамы менен 4 миллион доллардан ашуун жардам көрсөттү. Биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, көзкарандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоого бекем турабыз.

Америка Кошмо Штаттары, келе жаткан жылы кызматташтыгыбызды тереңдетүүгө үмүттөнөт. Кыргыз Республикасынын элин сиздин улутуңуздун эгемендүүлүгүнүн майрамы күнү менен куттуктайм!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK