Иллинойс штатындагы Кыргыз маданий борборун ачуу тууралуу

4315

Урматтуу мекендештер,

АКШдагы Кыргыз диаспорасы Кыргыз маданий борборун (Иллинойс штаты) ачуу үчүн имарат алууну көздөп жаткандыгын кубаныч менен билдиребиз. Борбордун ачылышы кыргыздын каада-салтын жана маданиятын өнүктүрүүгө баа жеткис салымын кошуп, ошондой эле жаш муундар арасында кыргыз тилин сактап калуу үчүн пайдалуу аянтча болору шексиз.

Ушуга байланыштуу, биз бардык мекендештерди ушул демилгени колдоого жана диаспора тарабынан 28-февралда саат 20:00дө (EST - Түндүк Америка Чыгыш убактысы) уюштурулган акча чогултуу өнөктүгүнө катышууга чакырабыз.

Zoom жана каржылык жардамды берүү үчүн шилтемелерди постерден таба аласыз (төмөндө тиркелген). Link to file

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK