АКШдагы кыргыз диаспорасынын Баткен облусунун тургундарына жардам берүү аракеттери тууралуу

4346

АКШдагы кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам берүү үчүн жигердүү акча чогултуу иш-аракеттерин колдоону улантууда.

Диаспоралардын өкүлдөрү 6-майга карата АКШнын ар кайсы шаарларында жана региондорунда жашаган мекендештер төмөнкүдөй суммага каражат топтошконун билдиришти.

- Нью-Йорк (Нью-Йорк штаты) - 22,0 миң АКШ доллары (+ 1-347-852-1941 - Турат);

- Огайо штаты - 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-513-265-6251 - Алтынбек);

- Питсбург (Пенсильвания) - 10,0 миң АКШ доллары (+ 1-213-500-9408 - Басызбек);

- Филадельфия (Пенсильвания) - 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-267-212-6775 - Азиз);

- Чикаго (Иллинойс) - 105,0 миң АКШ доллары (+ 1-312-610-3018 - Кыял);

- Чикаго (Иллинойс) - 14,0 миң АКШ доллары (+ 1-267-333-5219 - Каныбек).

Америка Кошмо Штаттарындагы диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, кандайдыр бир суроолор пайда болсо же каражат чогултууга колдоо көрсөтүү ниети пайда болсо, мекендештер жогоруда аталган телефон номерлерине кайрылышса болот.

Элчилик АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун тургундарына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK