Жаңы типтеги жалпы жарандык паспортторду (биометрикалык паспорттор) берүүгө арыздарды кабыл алуу башталды

4399

Урматтуу мекендештер!

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги №142 «2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери, анын ичинде АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан жалпы жарандык паспортторду берүүгө арыздарды кабыл ала баштаганыбызды сиздерге билдиребиз.

Мындан тышкары, буга чейин маалымдагандай, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын идентификациялык карталарын берүү (алмаштыруу) боюнча кайрыла алышат. Буга чейин чет өлкөлөрдө жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорттор гана чыгарылып келген.

Көрүлүп жаткан чаралар чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына максималдуу жардам көрсөтүүгө жана алардын калуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Сиз Консулга жазылып, паспортторду алуу / алмаштыруу тартиби жөнүндө кененирээк маалыматты kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дареги аркылуу же +1 202 449 9822 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин расмий сайты: https://mfa.gov.kg/en/embassies/embassy?id=63.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK