Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык үй бүлөлөрү тарабынан багып алынган кыргызстандык балдар үчүн «Кыргызстандын мурастар күнү» иш-чарасына катышты

3003

2021-жылдын 5-июнунда Вашингтондо, 1-июнь Эл аралык балдардын күнүнө карата, америкалык үй бүлөлөрү тарабынан багып алынган кыргызстандык балдардын жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен «Кыргызстандын мурастар күнү» иш-чарасы болуп өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиси Б.Аманбаев, элчиликтин кызматкерлери, диаспоранын активдүү мучөлөрү катышышты. Аталган иш чара кыргызстандык балдарды кыргыз элинин маданияты, тарыхы, каада-салты менен тааныштырып, балдарга ар кандай кыргыз оюн зоокторун уюштуруп, алардын Кырызстанды унутпай журуусуно аз болсо да өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий карым катнашты чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Жолугушуу эртеден кечке чейин улантылып, төмөндөгүдөй иш чаралар өткөрүлдү:

1. Кыргыз элинин боз үйүн тигип, анын тарыхын жана өзгөчөлүктөрүн балдарга жана ата-энелерге айтып беришти.

2. Кыргыз элинин улуттук бийлерин үйрөнүү боюнча сабактар өткөрүлдү.

3.Кыргыз элинин сыймыгы болгон "Манас" эпосунан үзүндүсү айтылып, анын мазмуну, мааниси тууралуу маалымат берилди.

4. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар жана алардын ата-энелери менен бирге кыргыз оюндары ойнотулуп, алар катышуучулардынкызыгуусун жаратты.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Б.Аманбаев атаган иш чарада сөз сүйлөп, кыргызстандык балдарды багып, билим берип жаткан америкалык ата-энелерге ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан анын тарыхы, каада салты жана кыргыз элинин улуу мурасы болгон Манас эпосу тууралуу айтып берип, кыргызстандык балдарга кыргыз элинин улуттук аспабы-комузда кол ойнотуп ойноо өнөрүн тартуулады.

Иш чара аябай кызыктуу өтүп, мындай жолугушууну дайыма өткөрүп туруу пландаштырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK