Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев Борбор Азиядагы бизнести алпаруу маселелери боюнча панелдик дискуссияга катышышты

4451

2019-жылдын 29-мартында Вашингтон шаарында «Baker&McKenzie» юристтик фирманын аянтчасында Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Афганстан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен Борбор Азияда бизнести алпаруу маселелери боюнча панелдик дискуссия болуп өттү. Ошондой эле панелдик дискуссияга АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин, АКШнын Мамлекеттик департаментинин, АКШнын Соода өкүлчүлүгүнүн, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин, ар кандай секторлордогу америкалык компанияларынын, эксперттик коомчулуктун жана АКШнын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын ардактуу коногу катары АКШнын Президентинин жардамчысынын орун басары, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча бөлүмүнүн улук директору Лиза Кертис сүйлөп чыкты.

Элчи Б.Отунбаев өзүнүн сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди. Мындан тышкары, Кыргызстанда бизнестин коопсуз жүрүм-турумду камсыз кылуу үчүн жетекчилик тарабынан иш-чаралары жүргүзүлүп турганын маалымдады.

Жолугушуунун аягында, АКШ компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстан менен долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга иш сапар менен барууга мүмкүнчүлүктү караштырып, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен кызматташтык түзүү жана биздин өлкөнүн жеке секторуна кызыкдар экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK