Кулактандыруу – Жарыя!!! Жарыя!!! Жарыя!!! Урматтуу АКШнын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары!

3237

 

Кыргыз Республикасынын АКШ дагы Элчилиги АКШнын бардык аймактарында убактылуу же туруктуу жашаган кыргызстандык атуулдарга 2021-ж. ноябрь айында өткөрүлө турган парламенттик шайлоого активдүү катышуу өтүнүчү менен кайрылат.

Шайлоого он сегиз жашка толгон ар бир кыргызстандык атуул катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык шайлоого чейин биометрикалык маалыматын тапшырган жана Элчиликте консулдук каттоого турган атуулдар гана тиешелүү шайлоо участокторундагы шайлоо тизмесине киргизилип, добуш берүүгө катыша алышат. Кимде ким биометрикалык маалыматын тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, шайлоого катыша албай калат.

Буга байланыштуу АКШ жүргөн ар бир кыргызстандык атуул өзүнүн биометрикалык маалыматын тапшырып жана консулдук каттоого 2021-жылдын 3-сентябрынан 6-сентябрына чейин Чикагодогу Кыргыз коомдук борборуна келишип, турса болот. 7-сентябрдан кийин Кыргызстандын АКШдагы Элчилигине (Вашингтон шаары) келип тапшырууга жана турууга болот.

Элчилик өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынан шайлоого чейин  шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерип, парламенттик шайлоо күнү шайлоого активдүү катышууну өтүнөт.

Ар бир жарандын добушу чоң мааниге ээ жана чечүүчү ролду ойнорун эскертебиз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK