Иллинойс штатында жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

3232

Урматтуу АКШда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын  23-24 – октябрь күндөрү Чикаго шаарына барып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүнконсулдук тейлөө иштерин жүргүзөт. Эки күн бою кыргыз атуулдары жарандык паспортторун, ID-картасын жаңыртышып, мекенине кайтуу (СВР) жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүн алышып, консулдук каттоодон өтө алышат.

Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган маселе боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Консулдук кызмат көрсөтүү Kyrgyz Community Centerдин имаратында 23-24 – октябрь күндөрү саат 10-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт.

ЭСКЕРТҮҮ: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык шайлоого чейин биометрикалык маалыматын тапшырган жана Элчиликте консулдук каттоого турган атуулдар гана добуш берүүгө катыша алышат. Кимде ким биометрикалык маалыматын тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, добуш берүүгө катыша албайт.

Ушул себептен, урматтуу мекендештер, ар бириңиздер 15-ноябрга чейин сөзсүз түрдө https://tizme.gov.kg сайтында баш багып өздөрүңүздөрдү шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнү өтүнөбүз. Эгерде Сиз өзүңүздү аталган сайттагы тизмеден таппай калсаңыз, анда Кыргызстандын АКШдагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө 2022562924 телефону аркылуу кайрылып, консулдук каттоодон өтүшүңүздү суранабыз.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK