АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу: Баткен облусуна гуманитардык жардап берилет

1383

2022-жылдын 22-ноябрында Элчи Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америкалык эки тараптуу мамилелердин актуалдуу жана көйгөйлүү маселелери, аларды чечүүнүн жолдору жана кызматташууну жакшыртуу боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Элчи Бакыт Аманбаев соңку мезгилдери Кыргызстанда оорун алган саясий окуялар тууралуу кеңири маалымат берүү менен анын себептерин кыргыз кыргыз бийлигинин өлкөнүн эгемендүүлүгү, аймактык бүтүндүгү жана коопсуздугун чыңдоого болгон аракети менен байланыштырып түшүндүрдү. 

Мамлекеттик катчынын жардамчысы Лу АКШ соңку мезгилдери Кыргызстанда адам укугу жаатында оорун алган окуяларга тынчсыздангандыгын билдирди. Ошондой эле Дональд Лу АКШ Кыргызстан адам укугу жаатында соңку отуз жылда жетишкен ийгиликтерин мындан ары да өнүктүрөөрүнө ишенээрин кошумчалады. Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик катчынын жардамчысы Дональд Лу АКШ тарап жакынкы келечекте Баткен облусунда жабыркаган атуулдарга гуманитардык жардам көрсөтөөрүн маалымдады.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK