Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Канадада жашаган кыргызстандык атуулдарга  консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт

1183

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги 2022-жылдын 15–16-декабрында Канаданын Торонто шаарына барып, ал жерде  жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт.

Иш-чаранын дареги: 9575 Keele St., Maple, ON L6A 1M1

Убактысы: 15-декабрь – саат 13:00дөн 21:00гө чейин;

                    16-декабрь – саат 09:00дөн 16:00гө чейин.

Ушул күндөрү аталган дарекке келишкен атуулдардын баары тең өздөрүнө зарыл болгон төмөндөгүдөй  консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк алышат: чет өлкөгө чыгуу жана ички паспортторун жаңылоо, зарыл болгон нотариалдык кызматтар, мекенине кайтуу күбөлүгүн ж.б.с. кызматтардарды ала алышат. Документин алмаштырууга муктаж атуулдар элчиликтин төмөндөгүдөй даректеги веб-сайтына алдын ала баш багып (https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-ssha-i-kanade/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/uslugi/slugi-5c3dfe6fe93cb) өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча толук маалымат алып, ал жерде жазылган зарыл болгон документтерди толук даярдап жолугушууга келүүсү зарыл экендигин эскертебиз. 

Консулдук кабыл алуу алдын ала  жазылган кезек менен жүргүзүлөт. Кезекке  +1 (780) 710-2204 телефонуна чалып жазылсаңыздар болот. 

Консулдук тейлөө иштери жүргүзүлө турган дареги өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан консулдук тейлөө жана жолугушууга катышууңуз тууралуу +1 (202) 449-9823 жана +1 (202) 256-2924 телефондору, же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK