Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилеринин катышуусу менен АКШнын афган ынтымакташтыгын жөнгө салуу боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен жолугушууда катышты

6469

2019-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азия мамлекеттеринин АКШдагы элчилеринин катышуусу менен АКШнын афган ынтымакташтыгын жөнгө салуу боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен болгон жолугушууда катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык аракеттер аркылуу Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту алдыга жылдыруу маселелери боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ролу талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле Борбордук Азияаймагы Афганистан менен экономикалык жана маданийинтеграциянын келечеги тууралуу пикир алмашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK