Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев Канаданын генерал-губернатору М.Саймонго ишеним грамотасын тапшырды

219

Кыргыз Республикасынын Элчиси Бактыбек Аманбаев Канаданын Генерал-губернатору Мэри Саймонго Кыргыз Республикасынын башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси катары ишеним грамотасын тапшырды.

Ишеним грамотасын тапшыруу аземи 2023-жылдын 25-сентябрында Канаданын генерал-губернатору М.Саймондун Оттава шаарында жайгашкан мамлекеттик резиденциясында өткөрүлдү. Салтанатуу жыйын учурунда М.Саймон расмий сөз сүйлөп, жыйындын катышуучуларына Канаданын тышкы саясатындагы эң башкы артыкчылыктуу багыттары тууралуу кеңири маалымат берип, жыйындын катышуучуларын учурда дүйнө жүзүндө орун алган олуттуу чакырыктарды жеңүү максатында биргелешип иш алып барууга чакырды. Ошондой эле М.Саймон Канада дипломатиялык байланышы бар өлкөлөрдүн баары менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигине токтолуп, жаңыдан дайындалган элчилерди ушул багытта иш алып барууга чакырды.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Канадада дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу элиси Бактыбек Аманбаев Канаданын Генерал-губернаторунун жеке кабыл алуусунда болду. Жолугушуу учурунда Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жетектеген өлкө жетекчилиги кыргыз-канада эки тараптуу мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, жаңыдан дайындалган элчи катары эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшыртып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга болгон аракетин жасап, ал үчүн Канада өкмөтү менен биргелешип жакындан иш алып барууга убада берди.

Генерал-губернатор Мэри Саймон Элчи Бактыбек Аманбаевдин эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу боюнча ой-сунуштарын угуу менен, жаңыдан дайындалган элчинин дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

  • Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев Канаданын генерал-губернатору М.Саймонго ишеним грамотасын тапшырды
  • Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев Канаданын генерал-губернатору М.Саймонго ишеним грамотасын тапшырды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK