Кыргыз Республикасынын Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев Канаданын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту

216

Кыргыз Республикасынын Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев 2023-жылдын 25-сентябрында Канаданын Тышкы иштер министрлигинин полярдык аймак, Европа жана Евразия өлкөлөрүнүн маселелери боюнча бюронун Башкы директору Р.Синклэр, ошондой эле Канаданын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Евразия өлкөлөрүнүн маселелери боюнча бюронун директору А.Вейхарт менен жолугушуп сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу маселесин талкууга алышты.

Бактыбек Аманбаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий-дипломатиялык, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди ар тараптуу жакшыртууга ири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча конкреттүү сунуш пикирлерин ортого салды.

Жолугушуу учурунда канада тарабынын өкүлдөрү Борбор Азия өлкөлөрү анын ичинде Кыргызстан менен эки тараптуу мамилени жакшыртууга кызыкдар экендигин белгилешип, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча өз көз караштарын ортого салышты. Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн жакынкы келечекте Кыргыз Республикасына жана Канадага жогорку деңгээлдеги расмий адамдадын иш сапарларын уюштуруу тууралуу ойлору менен пикир алмашты.

Жолугушуу достук маанайда өтүп, тараптар келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашышты.

  • Кыргыз Республикасынын Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Аманбаев Канаданын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK