Кыргызстандык IT-тармагынын өкүлдөрү америкалык компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

188

АКШга келген Кыргызстандык 15 ИТ-компания өкүлдөрү Юта штатындагы алдыңкы «Reliable Controls Corporation», «Pluralsight» жана «SecurityMetrics» аттуу компанияларынын башкы кеңселерине барышып, аталган ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Иш-чара Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.

«Reliability Controls Corporation» компаниясынын кеңсесинде өткөн жолугушууда аталган компаниянын жетекчилиги кыргызстандык өкүлдөргө өз ишмердүүлүгү тууралуу билдирди. Атап айтканда, американын тоо-кен тармагындагы иштеген компаниялар менен кандай иш алып барышып жаткандыгын түшүндүрүшүп, бул тармактагы компаниялардын ишмердүүлүгүн санариптештирип жана компаниялардын чечимдерин жакшыртууга кандай жардам берип жатканы боюнча кенен маалымат берилди. Кыргыз компаниялары өз кезегинде, өздөрүнүн ишмерлиги тууралуу тааныштырып, келечекте кайсыл багытта кызматташтыкты жүргүзүү боюнча конкретүү сунуштарды талкуулашты.

Мындан сырткары, Юта штатынын Прово шаарында жайгашкан «SecurityMetrics» компаниясы менен да жолугушуу өткөрүлдү. Америкалык тарап кыргыз компанияларынын өкүлдөрүнө алар кызматташып жатышкан АКШда жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү чакан жана орто компаниялардын төлөм карталары тууралуу маалыматты кантип коопсуздандырып жаткандыктары тууралуу билдирди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргызстандык жана америкалык компания өкүлдөрү келечекте биргелешип, иш алып баруу тууралуу маакулдашышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар байланыш маалыматтары менен бөлүшүштү.

  • Кыргызстандык IT-тармагынын өкүлдөрү америкалык компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK