Кыргызстанда өстүрүлгөн уйлардын сапатын жакшыртуунун багыттары талкууланды

212

КРнын АКШ жана Канададагы Элчиси Б.Аманбаев 2023-жылдын 29-ноябрында америкалык мал чарбачылык жаатында адистешкен «Catalyst Genetics», «Ranch Advisory Partners» жана «McCafferty Ranche компанияларынын башчылары менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу жана аны өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Аманбаев, мамлекеттин потенциалын эске алуу менен, эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу сунушун ортого салды.

«McCafferty Ranches»тин жетекчиси Дж.Маккаферти соңку бир нече жылдар бою эт багытындагы мыкты сапаттагы ангус породасындагы уйларды өстүрүүгө адистешкендиги тууралуу кеңири айтып берди.

Ал эми «Catalyst Genetics» жана «Ranch Advisory Partners» компаниясынын өкүлдөрү болсо уйлардын санын көбөйтүүдө жаңы гидропоникалык ыкма менен тоюттарды даярдашаарын жана сууну жана жайыттарды кантип үнөмдүү пайдалануунун жолдорун, ошондой эле уйлардын жаңы породаларын кантип илимий жолдор менен көбөйтүүгө боло тургандыктарын айтып беришти.

Элчи Б.Аманбаев америкалык тарапты жакындан кызматташууга чакырып, келечекте биргелешип долбоор иш алып барууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK