Кыргызстандын АКШдагы элчилиги америкалык үй-бүлөлөр тарабынан багып алынган Кыргызстандык балдардын катышуусу менен иш-чара уюштурду.

6281

 

2019-ж. 14-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги америкалык үй-бүлөлөр тарабынан багып алынган Кыргызстандык балдардын жана Элчиликтин кызматкерлердин балдарынын катышуусу менен Жаңы жылдык балаты майрамын уюштурду.

Аталган майрамга Колумбия округунда, Вирджиния жана Мэриленд штаттарында жашаган бир нече америкалык үй-бүлөлөр катышышты. Элчиликтин кызматкерлери Аяз Ата жана Аяз Кыз - кыргыз Жаңы Жылдык каармандардын катышуусу менен театрлаштырылган ою-зоок көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, балдар, алардын тарыхый мекени - Кыргызстан менен байланышкан оюндар, табышмактар, англи, орус жана кыргыз тилдеринде ар кандай, ырларды ырдап жана айтып беришти.

Иш-чаранын аягында балдарга таттуу белектер жана кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн Жаңы жылдык оюнчуктары тартууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK