АКШда жана Канадада убактылуу же туруктуу жашаган кыргызстандыктарга маалымат!

5365

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнө, АКШда жана Канадада эл аралык каттамдардын жабылышына байланыштуу, убактылуу жүргөн мекендештерибизге (студенттер жана туристтер) убактылуу турак жай табууга, дары-дармектер жана тамак-аш азыктары менен камсыздоо боюнча көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Кыргызстандын жарандарына коронавирустун жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана биздин Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты Элчиликтин веб-сайтынан жана социалдык тармактардагы (Facebook, Twitter, Instagram) баракчаларынан таанышууну сунуштайт. Ошондой эле жогоруда аталган сайттарда өзгөчө кырдаал учурунда биз менен байланышуу үчүн тиешелүү кызматкерлердин байланыш маалыматтары камтылган.

Элчилик, COVID-19 пандемиясына байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, кадимки режимде иштеп жана Кыргыз Республикасынын жарандарына телефон жана электрондук почта аркылуу консультациялык кызматтарды көрсөтүүдө, ошондой эле өзгөчө кырдаалга дуушар болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алууда.

Жардамыңыз үчүн рахмат!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK