АКШда жана Канадада убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине

5327

Урматтуу мекендештер,

COVID-19 пандемиясы учурунда биздин  жарандарыбыздын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, АКШнын жана Канададагы Элчилигинин веб-сайты www.mfa.gov.kg/washington дарегинде жайгашкандыгын эсиңиздерге салабыз жана көрсөтүлгөн шилтемеден дипломатиялык миссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жана консулдук маселелер боюнча материалдарды таба аласыз. 
Консулдук бөлүмгө байланыштуу суроолоруңуз болсо же Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин консулуна кайрылуу үчүн kgconsulate.washington@mfa.gov.kg жана kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук даректерине кат жөнөтcөңүз болот.
Элчилик дагы бир жолу АКШ жана Канададагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыыштуу АКШ, Канада жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун саламаттыкты сактоо органдары белгилеген сактык чараларын сактоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK