Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) Администраторунун жардамчысынын орун басары Х.Пиедро телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу

5767

2020-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) Администраторунун жардамчынын орун басары Х.Пиедро менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана USAIDдин Кыргызстандагы программалык ишмердүүлүгү талкуулашты. Сүйлөшүүнүн катышуучулары USAID Кыргызстанга каржылык жана техникалык жардамдын өз убагындагы маанилүүлүгүн, эн биринчи кезекте COVID-19 кесепеттерин жоюуга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык милдеттенмелерин жеңилдетүү боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоого багытталгандыгын белгилешти. Тараптар кызматташууну өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторундагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө даярдыгын жана жаңы технологиялар жана заманбап өндүрүштөрү бар америкалык компанияларды тартуу менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK