2020-жылдын 30-июлу - Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү

5023

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, 2020-ж. 30-июлу - коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK