Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н.К.Шайлдабекова менен боло турган виртуалдуу маек тууралуу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышуусу боюнча талкууга катышып жана суроолоруңузду берүүгө чакырабыз.
Жолугушуу 2020-жылдын 19-августунда саат 08.00дө (Вашингтон, DC убактысы боюнча) видеоконференция форматында өтөт. Суроолорго Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н.К.Шайлдабекова жооп берет.
Каттоо төмөнкү шилтемеде: https://forms.gle/7BmcCqhGBp2wdtAB6